mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

«Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол» унаа жолунун курулушу уланууда

«Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол» унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштери тынымсыз уланууда.

Учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери 125,620 чакырымда аткарылып, жалпы көлөмдүн 89 пайызын түздү.

Курулуш иштерине жалпысынан 978 жумушчу жана 402 даана атайын техника тартылган. Ошондой эле объектте 7 асфальт-бетон заводу жана 13 таш майдалоочу завод үзгүлтүксүз иш алып барууда.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы