Таластагы жол курулуштары: сапат жана мөөнөт башкы талап
- 65 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жол объектилериндеги иштердин жүрүшү менен жеринен текшерди.
Анын ичинде Суусамыр – Талас – Тараз жана Талас – Беш-Таш унаа жолдорунда аткарылып жаткан иштердин абалы каралды.
Мындан тышкары, «Чыңгыз Ааламы» жана «Манас-Ордо» тарыхый-маданий комплекстерине алып баруучу жолдорго көңүл бурулду. Тактап айтканда, «Чыңгыз Ааламы» комплексине кирүүчү жол, ошондой эле «Манас-Ордо» комплексинин кирме жана айланма жолдорунун курулушу текшерилди.
Ошондой эле Кировка – Гребень – Плотина унаа жолундагы иштердин жүрүшү каралып, аткарылып жаткан иштердин сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы боюнча маалыматтар берилди.
Жыйынтыгында министрдин орун басары жооптуу кызматкерлерге жана подрядчы уюмдардын өкүлдөрүнө иштердин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана пландагы иштерди өз убагында аяктоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
«Жол куруудагы негизги талап – сапат. Ар бир объект боюнча көзөмөл күчөтүлүп, аткарылып жаткан иштер туруктуу негизде текшерилип турушу керек», – деп баса белгиде Бактылуу Момбеков.
Министрлик жол объектилериндеги иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттө аякташына көзөмөлдү улантат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
