Нарын–Оруктам унаа жолунун 5,3 чакырымына асфальт төшөлдү
- 72 просм.
Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын–Оруктам унаа жолунун 9,45–15-чакырым аралыгындагы 5,3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктады.
Жумуштар №8 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык жана сапат талаптары сакталуу менен аткарылды.
Жолдун бул бөлүгүнүн
оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн каттамды жеңилдетип, айылдар арасындагы транспорттук байланышты жакшыртууга шарт түзөт.
Учурда Нарын облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер уланууда. Калган тилкелерде жол куруу жана оңдоо жумуштары бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатат.
Жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

