Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусундагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди
- 79 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Министр алгач Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун курулушун текшерди. Узундугу 15,64 чакырымды түзгөн жол төрт тилкелүү болуп курулууда. Ошондой эле министр Көчмөндөр оюндарында ат оюндары өткөрүлө турган жайдагы курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп, тиешелүү объектилердин даярдыгы менен таанышты. Мындан тышкары, Түп–Кеген унаа жолунун 0–39-чакырымдар аралыгында жүргүзүлүп жаткан иштер текшерилди. Учурда жолго экинчи катмар асфальт төшөлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата анын 14 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү.
Боз-Учук–Шахта–Жыргалаң унаа жолунун 14,5 чакырымдык тилкесинде жер жумуштары аткарылууда. Ал эми Эңилчек жайлоосуна баруучу жолдо жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
Министр жол курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


