mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Баетов–Макмал унаа жолу селден толук тазаланды. Эки тараптуу каттам бар

5-августка караган түнү саат болжол менен 00:30 чамасында Баетов–Макмал унаа жолунун 36-чакырымында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тоо капталынан куюлуп түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан.

Жерине министрликтин №15 Жол-эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалары тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.

Аткарылган иштердин натыйжасында алгач жолдун бир тарабы ачылып, унаалардын кыймылы убактылуу бир тилке аркылуу уюштурулган.

Учурда жол толугу менен тазаланып, эки тараптуу унаа кыймылы толук калыбына келтирилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы