Заманбап көчмө лаборатория жол курулушунун сапатын жеринде ыкчам текшерет
- 115 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын сыноо лабораториясынын көчмө унаасы жол курулушунда колдонулуп жаткан материалдардын сапатын түздөн-түз курулуш тилкесинде ыкчам текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Көчмө лабораториянын негизги артыкчылыгы – сыноолорду курулуш жүрүп жаткан жерде жүргүзүп, жыйынтыгын кыска убакытта алуу мүмкүнчүлүгү чоң.
Көчмө лаборатория аркылуу:
-Жолдун негизине төшөлүүчү кум-шагыл аралашмасынын сапаты текшерилет;
-Жол негизинин тыгыздыгы жана чаңдуулугу аныкталат;
-Таш майдалоочу ишканалардан ( дробилкадан) чыккан майдаланган таштын (щебендин) өлчөмү жана сапаты түздөн-түз өндүрүш аянтчасында текшерилет.
Тактап айтканда, көчмө лаборатория жүргүзүлгөн сыноолордун ыкчамдыгын арттырып, жол курулушунун бардык этаптарында сапатты үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Учурда өлкө аймагында жаңы курулуп жаткан жана оңдолуп жаткан автомобиль жолдорунун сапатын текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жол курулушунун сапатын көзөмөлдөө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
