Жол куруудагы чоң секирик: 1100 чакырым жол асфальтталды!
- 160 просм.
2026-жылдын 1-августуна карата республика боюнча жалпы 1100 чакырым унаа жолуна асфальт төшөлүп, курулуш иштери толугу менен аяктады.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 645 чакырымга көп. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын 1-августуна карата өлкө боюнча 455 чакырым жол гана асфальтталган болчу.
Мындай өсүш өлкөдө жол куруу жана жол инфраструктурасын жаңылоо иштери ырааттуу жүргүзүлүп жатканынын белгиси. Быйыл жол куруу жана асфальттоо иштеринин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге өстү. Бул транспорттук байланыштын сапатын жакшыртууга, аймактардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жол шарттарын түзүүгө багытталган иштердин натыйжасы болуп саналат.
Учурда өлкө боюнча республикалык маанидеги автожолдордо жана ички жол тармактарында курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери белгиленген графикке ылайык улантылып жатат. Жолдордун курулушу министрликтин козөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


