mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу – кылым долбоору: масштабдуу курулуш иштери жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев менен Өзбекстан Республикасынын Транспорт министри Илхом Махкамов Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун негизги курулуш объектилерин кыдырып, долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен жеринен таанышышты.

Иш сапардын алкагында министрлер тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инженердик курулмалардын курулуш иштерин көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө баа беришти. Ошондой эле курулуш иштеринин учурдагы абалы, алдыдагы этаптар жана долбоорду белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Тараптар курулуш иштерине тартылган адистер жана жооптуу кызматкерлер менен жолугушуп, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, курулуштун сапаты жана алдыдагы иштер боюнча пикир алышты.

Белгилей кетсек, учурда «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун кыргыз тилкесинде кеңири масштабдагы курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоордун алкагында тоннелдер, көпүрөлөр жана башка инженердик инфраструктуралык объектилер курулууда.

▪️«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, логистикалык дараметин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн эл аралык транспорттук коридордогу стратегиялык ролун бекемдөөгө багытталган ири инфраструктуралык долбоор болуп саналат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы