mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлдү

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолунун 7-13-чакырым аралыгында жалпысынан 6 чакырым жолго асфальт басуу жумуштары аяктады.

Ошондой эле аталган райондогу Чар – Ак-Муз унаа жолунда жалпы 7,8 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 5,1 чакырымына асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, Ташрабат унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган. Учурда жер жумуштары аяктап, асфальт басууга даярдык жүрүп жатат. Аткарылган иштер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, транспорттук каттамдардын сапатын жакшыртуу максатында техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө. 

Ат-Башы районунун калган жол тилкелеринде да жол куруу иштери планга ылайык аткарылып жатат.  Жолдордун курулушу министрликтин көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы