Ноокат–Араван–Төө-Коргон унаа жолунун 9 чакырымына асфальт төшөлүүдө
- 28 просм.
Ош облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы иштер уланууда.
2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Араван районундагы Ноокат–Араван–Төө-Коргон унаа жолунун 9 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө каралган.
Учурда №44 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жолго асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлүп жатат.
Курулуш иштерине атайын жол куруу техникалары жана жумушчулар тартылып, иштер бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүүдө.
Аталган жолдун пайдаланууга берилиши аймактагы транспорт кыймылынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун арттырып, жергиликтүү тургундар үчүн сапаттуу жол инфраструктурасын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы

