mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кубанычбек Турганбаев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Турганбаев Кубанычбек Жээналиевич дайындалды. Тиешелүү дайындоо жөнүндө буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Кубанычбек Турганбаев бүгүн, 23-июлда, министрликтин жамаатына тааныштырылды.

Кубанычбек Жээналиевич Турганбаев 1981-жылдын 29-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулган.

2006-жылы Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргызстан университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде баштап, 2021-жылга чейин аталган мекемеде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2022–2024-жылдары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын «Кумтөр» кениндеги коопсуздук кызматынын башчысы кызматында иштеген. 2024–2026-жылдары «Азия Имарат» ЖЧКсынын башкы директору кызматын аркалаган.

Мамлекеттик кызматтагы жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

https://www.instagram.com/reel/DbIT4YAtWjQ/?utm_source=ig_web_button_share_sheet