IX эл аралык автожүрүштүн катышуучулары кыргызстанга келишти
- 36 просм.
Тоолуу автомобиль жолдору боюнча Өкмөттөр аралык жолчулар кеңешинин (МСД) IX эл аралык автожүрүшүнүн катышуучулары Кыргызстанга келишти.
Кыргызстандагы маршрут 22-26-июль күндөрү Ош – Өзгөн – Манас – Казарман – Балыкчы – Чолпон-Ата – Түп – Каракол багыты боюнча өтүп, андан ары Казакстандын аймагына уланат.
Автожүрүштүн алкагында Манас шаарында эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, тоолуу аймактардагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү, жол кыймылынын коопсуздугу, заманбап технологияларды колдонуу жана транспорттук кызматташтык маселелери талкууланат.
Иш-чара эл аралык тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө, транспорттук байланыштарды чыңдоого жана жол тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы