Нарын–Оруктам унаа жолунун 5,5 чакырымында асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө
- 54 просм.
Нарын облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы иштер уланууда.
2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Нарын–Оруктам унаа жолунун 9,5–15-чакырым аралыгындагы 5,5 чакырым тилкеге асфальт-бетон төшөө каралган.
Учурда №8 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан курулуш иштери бекитилген графикке ылайык кызуу уланып, асфальт-бетон аралашмасы төшөлүүдө.
Жол куруу жана оңдоо иштери аймактардын транспорттук байланышын жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жана жашоочулар үчүн ыңгайлуулукту арттырууга багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматы
