mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Коррупциялык көрүнүштөрдү байкасаңыз, кабарлаңыз!

Ар бир курулган жол, ар бир көпүрө, ар бир мамлекеттик каражат – элдин ишеними.

Эгер жол куруу иштеринде, мамлекеттик сатып алууларда (тендерлерде), жүк же жүргүнчү ташуу тармагында, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу коррупциялык көрүнүштөрдү байкасаңыз же алар тууралуу маалыматыңыз болсо, кайдыгер болбоңуз!

 Сүрөттөгү QR-кодду сканерлеп, маалыматыңызды жөнөтүңүз.

Сиздин маалыматыңыз мыйзамдуулукту, ачыктыкты жана ак ниеттүүлүктү камсыздоого, ошондой эле транспорт тармагында адилеттүү жана коопсуз келечекти курууга салым кошот.

Коррупцияга каршы бирге күрөшөлү!

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги