Министрликте иш-пландын аткарылышы жана санариптештирүү боюнча иштер каралды
- 118 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында министрликтин кезектеги аппараттык жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында министрликтин 2026-жылга карата иш-планынын аткарылышы, санариптештирүү багытындагы иштердин жүрүшү, ошондой эле министрликтин карамагындагы мекеме жана ишканаларда жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгы тууралуу маалыматтар угулду.
Мындан тышкары, Жол фондунун ишмердүүлүгүндөгү көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзүү, каражаттардын пайдаланылышын анализдөө жана суу транспорту тармагында коопсуздукту камсыздоо боюнча алдын алуу ошондой эле суу транспорту тармагында коопсуздукту камсыздоо боюнча алдын алуу чараларын күчөтүү милдети жооптуу жетекчилерге жүктөлдү.
Жыйындын соңунда министр Талантбек Солтобаев үстүбүздөгү жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча ушул айда өткөрүлө турган коллегиянын жыйынына сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырып, бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволук мекеме-ишканалардын жетекчилерине белгиленген милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын камсыздоону белгиледи.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
