Министрдин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Талас облусундагы жол куруу объектилеринде көчмө жыйын өткөрдү
- 104 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Талас облусуна иш сапары менен барып, аймактагы жол чарба ишканаларынын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө жолдорду өз убагында оңдоо жана күтүү, курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана техникаларды натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды. Биринчи орун басар тиешелүү жетекчилерге бир катар милдеттерди коюп, аткарууну өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Иш сапардын алкагында Тариэль Жаныбеков Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 91,7-чакырымындагы реконструкциялоо долбоорунун жүрүшү менен жеринде таанышып, курулуш иштеринин сапатын жана темпин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле, Чолпонбай айылына алып баруучу унаа жолунун курулуш иштери да жеринде көрүлүп, долбоорду сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча жооптуу тараптарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
Министрлик өлкөнүн жол тармагындагы стратегиялык долбоорлордун аткарылышын туруктуу көзөмөлдөп, жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




