Сокулук районунда 58 чакырым жол асфальтталат
- 226 просм.
2026-жылдын планына ылайык, Сокулук районунда жалпы узундугу 58,8 чакырым жолду асфальттоо каралган. Учурда аталган райондо бир катар маанилүү жол тилкелеринде курулуш жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, Манас – Камышановка унаа жолунун 10 чакырымын жасоо каралган, бүгүнкү күнгө карата анын 3 чакырымы асфальтталды. Ошондой эле Бишкек – Күнтуу – Шопоков автомобиль жолунун 12,4 чакырымын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Луговое-Ат-Башы канал унаа жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүп башталды.
Мындан сырткары, Романовка – Камышановка автомобиль жолунун 5 чакырымы, ошондой эле Восточная – Жаңы Пахта жолунун 5 чакырымы оңдолууда.
Белгиленген объектилерден тышкары, Сокулук районунун башка калктуу конуштарында да жолдорду оңдоо, куруу жана инфраструктураны жакшыртуу иштери үзгүлтүксүз улантылып, жол тармагын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Жолдордун курулушу министрликтин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


