Панфилов районунда быйыл 30 чакырым жолго асфальт төшөлөт. 17 чакырым жолдо иштер аяктады
- 42 просм.
Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө. 2026-жылга карата район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалса, учурда анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү.
Атап айтканда, төмөнкү жол тилкелеринде асфальттоо иштери аяктады:
* Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырым тилкеси;
* Эфиронос – Тельман унаа жолунун 6 чакырым тилкеси;
* Партсъезд – Чорголо унаа жолунун 4 чакырым тилкеси.
Ошондой эле, учурда Панфилов – Мясзовхоз – Чалдовар жана Панфилов – Орто-Арык унаа жолдорунда асфальт төшөө иштерине даярдык көрүлүүдө.
Жолдорду жаңылоо иштери министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, белгиленген графикке ылайык уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




