Түндүк–түштүк альтернативдик унаа жолунда таш кулаган тилкеде тазалоо иштери жүрүүдө. Жол каттамы ачык
- 107 просм.
Бүгүн, эртең мененки саат 09:00 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 239–243-чакырым аралыгында тоо боорунан таштар кулады.
Аталган тилкеде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, №24 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалары ыкчам тартылды.
Учурда жолду таштардан тазалоо иштери уланууда.
Жол каттамы ачык, унаалардын кыймылы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Айдоочулардан бул тилкеде этият болуп, жол белгилерин жана тиешелүү кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так сактоону өтүнөбүз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
