Бишкек–Нарын–Торугарт жана Көк-Мойнок–Кувакы унаа жолдоруна түшкөн таштар тазаланууда, каттам ачык
- 49 просм.
▪️Бишкек–Нарын-Торугарт унаа жолунун 214–270-чакырым аралыгында жана Көк-Мойнок–Кувакы унаа жолунун 26-чакырымына чейинки тилкеде жолго түшкөн таштарды тазалоо жана катуу жаандан кийинки кесепеттерди жоюу иштери жүрүүдө.
▪️Жолдорду тазалоо иштери №955 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда.
▪️Учурда аталган унаа жолдордо жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
