Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок унаа жолунда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө
- 35 просм.
Чоң-Кемин суусунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок унаа жолунун 3-чакырымындагы жол жээги жуулуп кеткен.
Учурда министрликке караштуу №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан суунун нугун буруу жана селден жабыркаган тилкени калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иштерге 2 погрузчик жана 1 даана HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

