Терек–Чаты-Терек жана Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолдору бир тараптуу ачылды. Селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда
- 37 просм.
▪️Кара-Кулжанын Алайкуу аймагындагы унаа жолдору тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылды.
▪️Терек–Чаты-Терек автожолунун 10-чакырымына чейинки аралыкка сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында жол бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды.
▪️Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 107–115-чакырым аралыгына түшкөн селдин кесепеттери жоюлуп, аталган тилкеде да бир тараптуу каттам камсыздалды.
▪️Учурда жолдорду кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.
▪️Жолдорду тазалоо иштери №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ 1-июлда катуу жааган жаандын кесепетинен Алайкуунун жолдоруна сел түшүп, жол убактылуу жабылган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
