Ак-терек – Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырымы асфальтталды
- 29 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош облусундагы Ак-Терек –Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштерин толугу менен аяктады.
Иштер 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, курулушту №21 Жол эксплуатациялоо мекемеси аткарды.
Жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түздү.
Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


