Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жол коопсуздугу боюнча жолугушуу өттү
- 23 просм.
Бүгүн, 30-июнда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б.Момбеков БУУнун Башкы катчысынын жол коопсуздугу боюнча атайын өкүлү Жан Тодт менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасында жол инфраструктурасын пландоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштеринде колдонулуп жаткан улуттук ченемдик-техникалык талаптар жана жол коопсуздугун камсыз кылуу чаралары талкууланды.
Министрдин орун басары долбоордук чечимдердин алкагында жол белгилери, чийиндер, тосмолор жана жөө жүргүнчүлөр үчүн инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштер системалуу түрдө ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Жан Тодт жол коопсуздугу эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселе экенин белгилеп, глобалдык кызматташтыкты кеңейтүү жана тиешелүү институттук механизмдерди өнүктүрүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жол коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү жана мындан ары биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашышты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



