mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Талас облусунун транспорт көзөмөл пункттарында коррупциянын алдын алууга багытталган жаңы шарттар түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин 2026-жылдын 3-июнундагы №99 буйругун аткаруунун алкагында Талас аймактык башкармалыгынын «Чоң-Капка» жана «Кызыл-Адыр» транспорт көзөмөл пункттарында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү багытында иш-чаралар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – салмак-габариттик текшерүү процессинде инспекторлор менен айдоочулардын түз байланышын азайтуу аркылуу кызматтык өз ара аракеттенүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жоюу болуп саналат.

Аталган максатта транспорттук документтерди кабыл алуу жана текшерүү үчүн атайын терезечелер орнотулуп, жарандар менен кызматкерлердин ортосундагы түз байланыш минималдаштырылды. Бул чаралар текшерүү процессинин объективдүүлүгүн жогорулатууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Белгиленгендей, мындай уюштуруу чаралары транспорттук көзөмөл системасында ачык-айкындуулукту күчөтүүгө, кызматтык тартипти бекемдөөгө жана коррупциянын алдын алууга багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул багыттагы иштерди мындан ары да ырааттуу улантат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

#ТазаКыргызстан, #МенПараБербейм, #МенПараАлбайм