Шашылыш билдирүү! Алдыдагы 5 күн ичинде тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн
- 24 просм.
2026-жылдын 1-июлунан 5-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Транспорт министрлиги жарандарды жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоого жана аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы