mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Калинин – Степной жолунда асфальт төшөө иштер кызуу жүрүүдө

Жайыл районундагы Калинин – Степной унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган. Учурда анын 2 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери белгиленген графикке ылайык кызуу жүрүп, №40 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылууда.

Ал эми жолду жаңылоо иштеринин негизги максаты — транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы