mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Баткендеги сел жүргөн аймактардагы абал көзөмөлдө. Жол каттамдары ачык

Баткен облусунун аймагындагы унаа жолдорунда сел жүрүшүнө байланыштуу убактылуу чектөөлөр киргизилип, учурда калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Лейлек району:
Катран – Өзгөрүш жолунда №13 Жол тейлөө ишканасы тарабынан селден жабыркаган тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Учурда жол каттамы камсыздалган.

Баткен району:
• Эски багыттагы Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Баткен – Кара-Токой тилкесинде кечки саат 21:00 чамасында бир тараптуу каттам ачылган. Учурда калыбына келтирүү иштери уланууда.

• Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунда сел жүргөнүнө карабастан, каттам токтотулган жок, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

• Жаңы багыттагы Ош – Баткен – Раззаков жолунун 232,5-чакырымындагы (Баткен шаарынын мал базар аймагы) көпүрөдөн суу ашып, каттам убактылуу токтотулган. Суунун деңгээли азайгандан кийин жол каттамы кайра ачылган.

• Кара-Бак – Чет-Кызыл жолунда сел агымынан улам асфальттоо иштери убактылуу токтотулуп, атайын техникалар менен тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Кадамжай району:
Эски багыттагы Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Кадамжай – Чечме тилкесинде селдин кесепетинен каттам убактылуу токтотулуп, кечки саат 22:00 чамасында эки тараптуу кыймыл кайра ачылган.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагындагы бардык жолдордо транспорт кыймылы камсыздалган. Калыбына келтирүү жана мониторинг иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы