Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды
- 49 просм.
21-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361–370-чакырым аралыгына сел түшкөн.
Жеринде атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.
Натыйжада жол бүгүн, 22-июнда, таңкы саат 05:00дө тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды.
Учурда жолду кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
