Кыргызстан жол курулушунда рекорддук көрсөткүчкө жетишти
- 49 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагындагы стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдорду оңдоо жана куруу иштерин күчөтүлгөн тартипте улантууда.
Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 426 чакырым автожол толугу менен асфальтталды.
Бул жылдын көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 234 чакырымга көп. Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айына карата өлкө боюнча 191,5 чакырым жол асфальтталган.
Учурда транспорттук-логистикалык потенциалды жогорулатуу, жол коопсуздугун камсыздоо жана аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жол куруу жана реконструкциялоо иштери өлкө боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жол курулушу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы