mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт тармагында тарыхый кадам. Садыр Жапаров Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна старт берди

Президент Садыр Жапаров 14-июнда Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна расмий түрдө старт берди.

Темир жолдун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев баштаган бир катар жетекчилер катышты.

Ал эми жаңы темир жол линиясынын узундугу болжол менен 86 чакырымды түзөт.

Долбоордун алкагында темир жол “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен байланыштырылып, көл жээгинде заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлөт.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жаңы темир жол толук кубаттуулукта ишке киргенден кийин жылына 5 миллион тоннага чейин жүк ташууга мүмкүнчүлүк түзөт. Долбоор аймактын инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө оң таасирин тийгизери күтүлүүдө.

Ошондой эле, жаңы темир жол курулуш материалдарын жана башка жүктөрдү жеткирүүнү камсыздап, аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө жана жүргүнчү ташууларды кеңейтүүгө өбөлгө болмокчу.

Ал эми долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 400дөн ашуун жумуш орду түзүлүп, темир жол пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык туруктуу жумуш орундары камсыздалат.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров белгилегендей, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмү 10 млн тоннага жетип, 2021-жылдагы 7 млн тоннага салыштырмалуу 36 пайызга өстү. Бул – ата мекендик темир жол тармагынын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Мындан тышкары, темир жол транспортун пайдаланган жүргүнчүлөрдүн саны 2021-жылдагы 255 миң адамдан 2025-жылы 432 миң адамга чейин өсүп, өсүш 70 пайызды түзгөнү белгиленди.

Президент мындай көрсөткүчтөр темир жол
тармагынын өнүгүп жатканын жана анын өлкөнүн транспорттук системасындагы орду бекемделип жатканын айгинелей турганын айтты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы