Сумсар–шекафтар унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
- 14 просм.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар–Шекафтар унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.
Жеринде №17 Жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалар тартылган.
Учурда жолдун жээктерин тазалоо боюнча иштер аткарылууда. Азыркы тапта аталган унаа жолдо абал туруктуу, каттам бар.
11-июнь күнү саат 18:00–19:00 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Шекафтар–Сумсар унаа жолунун 8–10-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгин жууп кеткен. Мындан тышкары, 2х2 метр өлчөмүндөгү суу өткөрүүчү түтүккө зыян келтирилген.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 1 автожүктөгүч жана 1 автогрейдер тартылып, жолду толук калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


