“Токтогул — Беш-Таш” автожолунун 21 километри асфальтталды
- 9 просм.
“Токтогул – Беш-Таш” автожолунун жалпы 55 километрин капиталдык оңдоо пландалган. Быйылкы жылы анын 21 километрине биринчи катмар асфальт төшөө иштери аткарылды. Жол III–IV категорияга кирет. Жолдун туурасы 8–10 метрди, асфальттын туурасы 7 метрди түзөт. Долбоордун алкагында 100гө жакын суу өткөрүүчү түтүк орнотулду.
Аталган автожолдо асфальт төшөөгө жолдун негизин даярдоо үчүн жер жумуштары 70%га аткарылды. Аба ырайынын сууктаганына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулду. Курулуш иштери кийинки жылы жаз айынан баштап кайрадан улантылат.
“Токтогул – Беш-Таш” автожолун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Президенттин стабилдештирүү фондунан атайын каражат бөлүнүп берилген. Курулуштун жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы