Жылуулук режими боюнча рейд: Оор жүк ташуучу унааларга 9 күндө 830 миң сом айып пул салынды
- 30 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин аймактык башкармалыктарынын мобилдик топтору унаа жолдорунда жылуулук режиминин сакталышы боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.
1-июнунан тартып 9-июнь саат 13:00гө карата республика боюнча жалпысынан 41 укук бузуу фактысы катталган. Эрежеге баш ийбегендерге карата 830 миң сом суммасында айып пул салынды. Мыйзам бузгандардын 38и жеке жактар болсо, 3ү юридикалык жактар болуп саналат.
Ал эми 9-июнь күнү Чүй айланма автоунаа жолунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында 8 укук бузуу фактысы аныкталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүк ташуу менен алектенген тараптарды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген жылуулук режимин так сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы