Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальттын экинчи катмары басылууда
- 70 просм.
Бишкек-Кант-Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда.
Учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.
Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары дагы коюлуп жатат.
Жеринде жалпысынан 60ка чукул атайын техника жана 150 жумушчу иштеп, иш ыргагы белгиленген график боюнча жүрүүдө.
Ал эми асфальттын жалпы калыңдыгы 15 см болот. Алсак, биринчи катмары 9 см, экинчи катмары 6 см.
Бүгүнкү күндө тротуарлардын бир тарабына асфальт басылып, лотокторду орнотуу 70 пайызга аяктады.
Суу түтүктөрүн жана көпүрөлөрдү орнотуу 100 пайызга бүттү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

