mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министрдин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков жол курулуштарынын жүрүшү тууралуу маалымат алды

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков видеоконференцбайланыш (ВКС) аркылуу чукул жыйын өткөрүп, республиканын бардык аймактарындагы жолдордун курулушу жана сапаты боюнча тактады. 

Жыйында министрликтин алдындагы Жол чарба департаментинин, “Кыргызавтожол-Түндүк”, “Кыргызавтожол-Түштүк” МИнин, Облустук аймактык бөлүм башчылар жана Жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери бүгүнкү күнгө карата жасалган жол асфальттоо иштери тууралуу маалымат беришти.

Ар бир Жол тейлөө ишканасына Титулдук тизме жана Капиталдык беренелер боюнча план бекитилген. Алардын аткарылышы министрликтин тыкыр көзөмөлүндө.

Бүгүнкү күнгө карата 350,8  чакырым жол асфальтталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 3 эсеге көп.

Тариэль Жаныбеков бардык ишканалар жол куруу иштери үчүн каражат, керектүү техника жана битум менен үзгүлтүксүз камсыздалганын белгилеп, жетекчилерден белгиленген графикте жана сапаттуу аткарууну талап кылды. Талап аткарылбаса, чара көрүү эскертилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы