Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, жол ачылды
- 53 просм.
Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260–274-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.
Жеринде министрликтин атайын техникалары тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол ачылды.
Айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоону өтүнөбүз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы