Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел коркунучу күтүлөт
- 87 просм.
2–6-июнь күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарга сак болууну жана жолдо коопсуздук чараларын алдын алууну эскертет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы