mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Профсоюз көчөсүнүн уландысына жол куруу иштери уланууда

Профсоюз көчөсүн Кустанайдан Чүй облусунун Сокулук районундагы Түндүк айланма жолуна чейин улантуу боюнча жаңы унаа жолу курулууда.

Долбоорго ылайык, жолдун жалпы узундугу – 8,5 чакырым болот.

Жолдун борбордук огу толугу менен белгиленип, 8 500 метр аралыкта геодезиялык иштер жүргүзүлдү.

Учурда жер иштери менен кошо жол тилкесиндеги өсүмдүктүү топурак катмарын тазалоо иштери аткарылууда.

Курулуш аянтында 43 атайын техника жана 54 жумушчу күчү иш алып барууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы