Уланбек Султанов Жол чарба департаментинин директору болуп дайындалды
- 28 просм.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору кызмат ордуна СУЛТАНОВ Уланбек Жергазарович дайындалды.
У. Султанов 2022-жылдан бери министрликтин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Ал 1982-жылы 18-ноябрда туулган.
2000-2005-жылдары Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Автомобиль жолдору жана аэродромдор» бөлүмүндө байланыш жолдорунун инженери адистиги боюнча окуган.
2019-жылы ушул эле окуу жайга “Автомобиль жолдорун, метрополитендерди, аэродромдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди долбоорлоо жана куруу” адистиги боюнча аспирантурасына тапшырган.
Эмгек жолун 2006-жылы Трнаспорт министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунан баштаган.
Жол инженери багытында мамлекеттик бир нече квалификациялык сертификаттардын, сыйлыктардын жана грамоталардын ээси.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы