Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Франциянын Кыргызстандагы Элчиси жана француз компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту
- 28 просм.
Бүгүн, 19-майда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Турунбаев «Alstom» француз компаниясынын өкүлдөрү жана Франция Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууга Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Николя Фай, Казакстандагы Франция Элчилигинин экономика маселелери боюнча кеңешчиси Людовик Леа, «Alstom» компаниясынын Борбор Азия боюнча директору Жером Буайе, ошондой эле элчиликтин өкүлдөрү катышты
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл темир жол тармагын өнүктүрүүгө, анын ичинде Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен байланыштарды жакшыртууга, ички темир жол инфраструктурасын модернизациялоого бурулду.
Француз делегациясы Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен бир катар жолугушууларды өткөрүү, анын ичинде транспорт, каржы жана темир жол тармагындагы жетекчилер менен кызматташуу багыттарын талкуулоо ниетин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар транспорт жана инфраструктура тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилешти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



