mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Корумду – Балбай баатыр унаа жолуна асфальт-бетондун экинчи катмарын төшөө иштери башталды

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай баатыр тилкесинде асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын төшөө иштери башталды.

Муну менен катар тротуарлардын жана веложолдун негизин даярдоо, ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө долбоордук тилкенин узундугу боюнча 79,2 чакырым аралыкта асфальттын төмөнкү катмары жана 44 чакырым аралыкта асфальттын үстүнкү катмары төшөлүп бүттү.

Мындан тышкары, 14 көпүрөнүн жана 2 жер алдындагы өтмөктүн курулушу жана реконструкциясы дээрлик аяктады.

Ошондой эле, негизги жолдо 234 даана суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу толугу менен бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган жолдун курулушу 2024-жылдын 1-апрелинде башталган.

Долбоордо унаа жолун 4 тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарларды жана веложолду куруу, ошондой эле 14 көпүрөнү, 2 жер астындагы өтмөктү жана 877 суу өткөрүүчү түтүк курулушу каралган.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы