Жол инфраструктурасын 3D долбоорлоо боюнча окутуу өткөрүлдү
admin
27 просм.
«Кыргызжолтрансдолбоор» мамлекеттик ишканасында BIM (Building Information Modeling) технологиясы боюнча адистер үчүн окутуу өткөрүлдү.
Окутуунун негизги багыты жол инфраструктурасын 3D форматта долбоорлоону өздөштүрүү болуп, кызматкерлер заманбап санариптик моделдөө ыкмалары менен таанышты.
3D долбоорлоо технологиясы инженердик чечимдерди так визуалдаштырууга, долбоорлоо процессин жакшыртууга жана курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул багыттагы окутуулар жол тармагында санариптик технологияларды кеңири киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы