mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын шаарына кире бериштеги көпүрөнү оңдоо иштери башталды

Жаңы-Жол – Нарын айланма жолунун 0,4 чакырымындагы, башкача айтканда Нарын шаарына кире бериштеги чоң көпүрөнүн деформациялык шофторун оңдоо иштери башталды.

Ушу тапта №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдогу аң-чөнөктөр жамоо жумуштары аткарылууда.

Жакынкы күндөрү тийиштүү адистер көпүрөнү толук коопсуз абалга келтирүү үчүн жалпы сметасын даярдап, талапка ылайык технологиялар менен иштер аткарылат.

Кошумча маалымат берилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы