Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу графикке ылайык жүрүүдө
- 30 просм.
Стратегиялык маанидеги Барскоон – Бедел унаа мобиль жолунун курулушу активдүү уланууда. Долбоордун жалпы узундугу болжол менен — 161 чакырымды түзөт.
Долбоордун буйрутмачысы — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, ал эми башкы подрядчысы — China Road and Bridge Corporation.
Курулуш алкагында жаңы унаа жолунда 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель жана кошумча инженердик курулмалар салынат. Иштер 2025-жылдын 26-августунда башталган, жалпы мөөнөтү 5 жыл.
Учурда геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктап, долбоордук документациялар даярдалган. Кара-Сай өрөөнү аймагында 48 метрге чейинки түбөлүк тоң катмары аныкталып, 730 скважина бургуланган.
Курулуш графикке ылайык жүрүп жатат. Кара-Сай дарыясындагы 60 метрлик убактылуу көпүрө пайдаланууга берилди. Ал эми тоннелдерде казуу иштери башталып, тиешелүү көлөмдөр аткарылууда.
Учурда объектте 600дөн ашык адам эмгектенип, 200дөн ашык атайын техника тартылган. Жакынкы убакта кошумча техникаларды жеткирүү да пландалууда.
Негизги иштерди 2029-жылы аяктап, объектти 2030-жылы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.
Курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышкан Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иштерди ылдамдатуу, сапатка өзгөчө көңүл буруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, бул ири стратегиялык долбоор Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




