Министр Талантбек Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулуш иштерин жеринен көрдү
- 26 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө подрядчы уюмдарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо жана жол курулуш иштеринин сапаттуу аткарылышын камсыздоону тапшырып, тиешелүү бир катар тапшырмаларды берди.
Коюлган милдетке ылайык, жалпы узундугу 141 чакырымды түзгөн Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун толук реконструкциясы бекитилген графикке ылайык бүткөрүлүшү керек.
Министр курулуш иштеринин темпин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Инфраструктуралык долбоор Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
