mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Унаа жолдорду оңдоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан өлкө аймагындагы унаа жолдорунун абалын жакшыртуу максатында чарбалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Торугарт унаа жолунун 9-чакырымында, Новопокровка айылынын аймагында жолдун асфальт катмары жаңыланып, 1 300 м2 аянтка асфальт төшөө башталды. Ушул эле жолдун 12-чакырымында сол тараптагы 1000 м2 чөккөн же көөп чыккан жерлерин сыйрып алуу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 536 — 544-чакырымдарынын аралыгы реконструкцияланууда.

Ал эми Чоң-Дөбө – Лама унаа жолунун 6,8-8,8 чакырым аралыгында экинчи тилкеге асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 7 200 м2 аянтка асфальт басылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы