mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Петровка – Нарзан булагы  унаа жолуна 7 чакырым асфальт төшөлүүдө

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка – Нарзан булагы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Жолдун жалпы узундугу 52 чакырымды түзөт. Анын 27 чакырымы буга чейин асфальтталып бүткөн. 2026-жылга карата Титулдук тизмеге киргизилип, кошумча 7 км жолду асфальттоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 2 чакырымы толук аяктады.

Бул долбоор аймактагы жол шартын жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу каттоосуна шарт түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы