Кыргызстан менен Беларуссия транспорт тармагын санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашышты
- 42 просм.
Бүгүн, 23-апрелде Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу баштаган топ Беларуссиянын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Сергей Дубина жетектеген делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагын санариптештирүү жана автожол өткөрүү пункттарын өнүктүрүү, анын ичинде мамлекеттик чек арадан өтүү процедураларын жөнөкөйлөтүү, транспорт тармагын санариптештирүү багытында маалымат алмашышты.
Айрыкча чек арадан өтүү процессин жөнөкөйлөтүүгө жана ылдамдатууга багытталган электрондук системаларды киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Беларусь тарап электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (e-CMR) системасын киргизүү боюнча өзүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле, e-Permit системасын ишке ашыруудагы жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.
Мындан тышкары, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде “Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу” долбоорун ишке ашыруу тууралуу да сөз болду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

