mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Талантбек Солтобаев Профсоюз көчөсүнүн уландысы, Батыш автобекетине жана жаңы Ош базарына алып баруучу жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты

 

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Профсоюз көчөсүнүн Түндүк айланма жол багытындагы уландысынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Аталган жол Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык курулууда.

Долбоорго ылайык, жаңы жолдун жалпы узундугу 8,5 чакырымды түзөт. Коопсуздукту камсыздоо максатында жолдун ортосуна темир-бетон бөлүүчү тосмолор орнотулат.

Жолдун эки тарабына жөө адамдар өтүүчү тротуарлар салынып, тышкы жарыктандыруу системасы орнотулат.

Мындан тышкары, жаңы Ош базары жана Батыш автобекети тарапка алып баруучу альтернативдик жолдун курулушу жүрүүдө. Жолдун жалпы узундугу 8,74 чакырымды түзөт.

Азыркы учурда объектте жер иштери, жол боюн тазалоо жана жолдун борбордук огун белгилөө иштери аткарылууда.

 

Министр Талантбек Солтобаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана бекитилген графиктин так аткарылышын камсыздоону тапшырды.

Бул долбоор борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы